29 мамлекеттин журналисттери жана саясат таануучулары көп форматтуу диалогду өнүктүрүүгө макул болушту. Ашхабадда онлайн түрдө уюштурулган эл аралык медиа форум болуп өттү. Катышуучулар бул диалог аянтчасы мындан ары эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкты тереңдетүү боюнча пикир алмашуу үчүн маанилүү платформа болот деген бир пикирге келишти.
Мердан Газакбаев, Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттигинин төрагасы:
- Заманбап дүйнөнүн чындыгы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жигердүү өнүгүшү, элдердин ортосундагы терең жана тарыхый байланыштар биздин өлкөлөрдүн турмушунда маалымат алмашууну жандандырууга мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу биздин бул иш-чарага катышуубуз уюмдар менен жалпысынан катышуучулардын ортосундагы жемиштүү жана ишенимдүү кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө болуп, ошондой эле Түркмөнстан менен катышуучу мамлекеттердин ортосундагы маалыматтык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков