Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын бешинчи жыйынын өткөрүү күнүн белгиледи. Жыйын быйыл үчтүн айынын 20да Кызылорда шаарында өтөт. Бул тууралуу Парламенттик реформа боюнча жумуш кеңешинде белгилүү болду. Аны Касым-Жомарт Токаев Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин жана Президенттин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан Жиенбаев менен өткөрдү. Ерлан Карин Мамлекет башчысына Жумуш тобунун үчтүн айынын 9да өткөн жыйында болочок бир палаталуу Парламенттин макамын, өкүлчүлүктөрүн жана функцияларын аныктоого, ошондой эле бийликтин башка да тармактары менен өз ара иш-аракетине байланыштуу ыкмалар иштелип чыкканын айтты. Үчтүн айынын 15не пландалган кийинки жыйында жаңы Парламенттин башкы мамлекеттик институттардын кызматын камсыз кылуу өкүлчүлүктөрү талкууланат. Ержан Жиенбаев Касым-Жомарт Токаевди конституциялык реформага байланыштуу Жумушчу тобунун мүчөлөрү жана коомчулуктан келип түшкөн жаңы сунуштар менен тааныштырды. Президент бардык пикир менен демилгени эске алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле конституциялык реформа боюнча түпкү чечимди өлкө азаматтары жалпы улуттук референдумда кабыл алаарын маалымдады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

