Дүйнөлүк диндер лидерлеринин VIII курултайы 2025-жылы өтөт

Дүйнөлүк диндер лидерлеринин VIII курултайы 2025-жылы өтөт

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин быйылкы 7-курултайы  дүйнө үчүн тарыхый жана уникалдуу окуя. Бул тууралуу Сенаттын төрагасы бүгүн борбордо Дин лидерлеринин курултайы катчылыгынын 20-жыйынынын ачылышында билдирди. Маулен Ашимбаевдин айтымында, бул дүйнөдө коронавирус эпидемиясы башталгандан бери биринчи жолу уюштурулуп жаткан масштабдуу иш-чара. Ал эми пандемия күчөгөн маалда диалог жана түз байланыш жетишсиз болгону шексиз. Сессиялык жыйындарда көптөгөн маселелер талкууланып, даанышман ойлор ортого салынаары анык.

Маулен Ашимбаев, Казакстан парламенти Сенатынын төрагасы, Курултай катчылыгынын төрагасы:

- Курултай руханий лидерлердин түз баарлашуусуна, диндер жана цивилизациялар аралык диалогду чыңдоонун маанилүү маселелерин биргелешип кароого, ошондой эле дүйнөнү тынчсыздандырган актуалдуу маселелерди чечүү жолдорун талкуулоого чоң мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, курултай  катчылыгынын жетекчиси руханий лидерлер менен диний ишмерлер тынчтык жана адамзаттын жыргалчылыгы үчүн өз ара диалогду камсыздай турганын билдирди. Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII съездинин күн тартибин жана жыйынтык декларациясынын долбоорун талкуулашты. Буга кошумча, Курултай катчылыгынын кезектеги XXI отурумун 2023-жылдын күзүндө жана Дин лидерлеринин кезектеги курултайын 2025-жылы Казакстандын борборунда өткөрүү чечими кабыл алынды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков