Казакстан менен Түркия 50 биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатат. Алардын жалпы наркы 4 млрд долларга жакын. Буга чейин да эки тарап болжол менен ушул суммада 100гө жакын биргелешкен долбоорду ишке киргизген. Негизинен курулуш, өнөр жай, металлургия, агро өнөржай комплекси, транспорт жана логистика, фармацевтика тармактары камтылган. Казакстан бирге жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөр жай платформалары менен мамлекеттик колдоо куралдарын сунуштоого даяр. Бул тууралуу өлкөлөрдүн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда айтылды. Өз ара соода-алака мүмкүнчүлүгү да артып келет. Былтыр Казакстан менен Түркиянын ортосундагы темир жол аркылуу жүк ташуу 35%га арткан. Транскаспий эл аралык транспорт багыты боюнча ташуу көлөмү 4 млн тоннадан ашты. Орток максат – Орто коридорду өнүктүрүү. Бул багытта инфраструктураны жаңыртуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана тарифтик саясатты шайкеш келтирүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө. Кабыл алынган орток чаралардын натыйжасында бул багыт боюнча жүк агымы 7 жылда 5 эсеге өстү. Жыйындын жыйынтыгы боюнча түрдүү тармактардагы конкреттүү чараларды ишке ашыра турган биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюлду.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
– 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу товар жүгүртүү 9%га өстү. Экспорттун көлөмү 17%дан ашык өсүп, 3,9 млрд долларга жетти. Түрк тарап менен биргеликте ата мекендик экспортту диверсификациялоого, аны чийки заттан кошумча наркы жогору өнүмгө алмаштырууга кызыкдарбыз. Биздин бул максатка жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар жана керектүү күч-аракетибизди жумшоого даярбыз.
Ермек Кенжехан уулу, айыл чарба вице-министри:
– Акыркы жылдары биз Түркия тарабы менен Түркия капиталынын катышуусунда 400 млн АКШ долларын түзгөн 10дон ашык инвестициялык долбоорду ишке ашырдык. Бул негизинен айыл чарба өндүрүмдөрүн өндүрүү, аны кайра иштетүү, ошондой эле кондитердик азыктарды чыгаруу багытында аткарылган долбоорлор болчу. Учурда биз наркы 1 млрд АКШ долларынан ашкан 5 ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруудабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

