Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элин куттуктоо телеграммасында билдирди. Майрамда алыс-жакындан келген боордоштор бири-биринин үйүнө конокко барып, жылуу учурашып, элдин ынтымагы чыңдалып, биримдиги бекемделет. Андыктан орозо кармаган коомчулук бул майрамды чыдамсыздык менен күтөт деп белгиледи мамлекет башчысы. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн ар бир үйүнө бакыт жана кубаныч каалады. Ал эми бийлик өз кезегинде мамлекеттин жаркын келечеги үчүн коомдогу биримдикти, ынтымакты бекемдей берерин кошумчалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков