К. Токаев Михаил Мишустин менен жолугушту

К. Токаев Михаил Мишустин менен жолугушту

Казакстандын президенти Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы менен жолугушту. Михаил Мишустин Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешке жана Digital Almaty 2025 санариптик форумуна катышат. Тараптар Казакстан-Орусия стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү келечегин талкуулашты, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамилелерди активдештирүүгө басым жасашты. Касым-Жомарт Токаев былтыр жетинин айында Владимир Путиндин Астанага жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Михаил Мишустин алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууга даярдыгын ырастап, эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Ошондой эле мамлекет башчысы Орусия президентинин Москвадагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага чакыруусун кабыл алды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Владимир Путиндин Казакстанга болгон сапары жүрүшүндө Уфада аймактар аралык форум ийгиликтүү өттү. Бул жылы биз Казакстандын аймагында, башкача айтканда Орал шаарында кезектеги форумду уюштурууну пландап жатабыз. Бул кызматташуу форматы жемиштүү болот деп ойлойм.

Михаил Мишустин, Орусия Федерациясынын  өкмөтүнүн башчысы:

- Биз үчүн региондор аралык форумдун мааниси чоң. Орусиянын региондору Казакстандын көптөгөн аймактары менен түздөн-түз байланышта. Өзүңүз белгилегендей, бул формат чоң мааниге ээ, биз анын натыйжалуулугун жогорулатууга максималдуу колдоо көрсөтөбүз. Казакстан-Орусия Федерациясынын коңшусу жана союздашы. Биздин мамилелер достукка жана өз ара урматтоого негизделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков