Кадрларды даярдоонун сапатын мындан ары жогорулатуу жана жогорку окуу жайларында студенттердин билиминин сапаты үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү. Мындай тапшырманы Премьер-министр Аскар Мамин тармактык мекеменин алдына койду. Өкмөттүн маалыматына караганда, өлкөдө сапаты начар 15 университет жабылды. «Бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли рыноктун жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп бериши керек. Төртүнчү өнөр жай революциясы жана массалык санариптештирүү таптакыр жаңы ыкмаларды жана көндүмдөрдү талап кылат. Өмүр бою билим алуу принцибин киргизүү керек», - деди Аскар Мамин. Премьер-министр ошондой эле 20 мыкты аймактык университетти түзүү, «Назарбаев университетинин» үлгүсүндөгү Петропавловск жана Шымкент шаарларында эки университетти ачуу, жаштарды илимге жигердүү тартуу боюнча конкреттүү чаралар менен илимдин жана жогорку билим берүүнүн бирдиктүү санариптик платформасын түзүүнү каржылоо маселесин карап чыгууну тапшырды.
Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:
- Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясында жогорку билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды жана көрсөткүчтөрдү карап чыгуу, Финансы, Улуттук экономика министрликтери, тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте 2025-жылга чейин жогорку билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча 2021-2025-жылдарга карата жол картасын иштеп чыгууну жана өкмөткө киргизүүнү тапшырам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков