О. Бектенов: Казакстан КМШ дараметин чыңдоо жаатында көмөктөшүүгө даяр

О. Бектенов: Казакстан КМШ дараметин чыңдоо жаатында көмөктөшүүгө даяр

Өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн ички дүң өнүмү 4,5%га артты. Казакстандын бул уюмга мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү 1,2%га өсүп, 37,5 млрд долларга жакындады. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Дүйшөмбүдө өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында билдирди. Олжас Бектенов экономиканын келечектүү багыттарын өнүктүрүү боюнча бир катар демилгелерди көтөрдү. КМШда электрондук коммерциянын дараметин жогорулатуу үчүн инфраструктуралык базаны өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү зарыл. Транспорт-транзиттик инфраструктура тармагындагы кызматташтык алкагында Казакстан аймагында ишке ашырылып жаткан эң маанилүү долбоорлор тууралуу да айтылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков