ЕАӨБ Казакстанга 1 млрд доллар инвестициялайт

ЕАӨБ Казакстанга 1 млрд доллар инвестициялайт

Быйыл ЕАӨБнын Казакстандын экономикасына жаңы инвестициялары кеминде 1 миллиард долларды түзөт. Негизги долбоорлордун пулуна транспорт, өнөр жай, энергетика, АӨК секторлору, ошондой эле, социалдык инфраструктураны жүргүзүү жана жаңыртуу кирет. Казакстандын Премьер-министри Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчиси менен инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулап, мамлекет башчысынын жол тармагын өнүктүрүү, турак-жай курулушу менен газдаштыруу жаатындагы демилгелерин ишке ашырууга инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Белгилей кетсек, былтыр ЕАӨБ Казакстанда бир катар ири долбоорлорду каржылаган. Алардын арасында полипропилен чыгаруучу завод, магистралдык тепловоздорду сатып алуу, Костанай облусунда шамал электр станцияларын куруу жана башкалар бар. Жылдык инвестициялардагы Казакстандын үлүшү 2023-жылы 59%га чейин өстү. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков