Жыл аягына чейин Казакстанда Кызыл китептин жаңыланган нускасы сунушталат. Азыр соңку редакциялык иштер жүрүп жатат. Өлкөдө сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын тизмесинде 217 түр бар. Бул максатта флора жана фаунанын 59 түрүнүн аталышы такталып, ошондой эле моллюскалардын эки түрү жана курт-кумурскалардын 17 түрү алынып салынды. Азыр алардын популяциясына эч кандай коркунуч жок. Ошондой эле Тянь-Шань күрөң аюуларынын саны да кыйла көбөйгөнү байкалат. Бул көрсөткүч Жунгар ала тоосунда өзгөчө жогору. Мындан тышкары, тизмеге чаяндар, сойлоочулар, курт-кумурскалар, канаттуулар, сүт эмүүчүлөрдү кошо алганда жаныбарлардын 11 башка да түрү кошулду. Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаевдин чечими менен Каспий тюлени менен пржевальский жылкысы мамлекеттин коргоосуна алынган. Ошондой эле жакын арада Кызыл китептин түрлөрү боюнча расмий веб-сайт ачылат. Жаратылыш коргоочулардын айтымында, бул баарынан мурда калктын экологиялык маданиятын калыптандыруу үчүн маанилүү.
Болат Есекин, Эколог:
-Негизги курал жаратылышты калыбына келтирүү болуп
саналат. Дарыялардын эркин агымын, кыртыштын асылдуулугун, токойлорду сактоону
калыбына келтирүү. Башкача
айтканда, таралуу зоналары биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн зарыл
жана негизги шарт болуп саналат.
Роман Ященко,
Зоология институтунун башкы мүдүрү:
-Мында түрдүү
методикалар колдонулат. Бул абадан эсепке алуу да болушу мүмкүн. Белгилүү бир
инстанциянын кайсы бир түрү кайда баратканын көзөмөлдөгөн спутниктик
өткөргүчтөр болушу мүмкүн. Айталы,
кызыл китептеги канаттуулардын кээ бир келгин түрлөрүнө байланыштуу. Башкача айтканда, биз аппараттарды орнотуп, андан ары спутник
аркылуу бул түр кайда жылып бара жатканын, кайда кыштап, кайда уя саларын
байкайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

