Бүткүл дүйнө көз сала турган мелдеш Париж олимпиадасынын
башталышына саналуу гана күндөр калды. Казакстандын курама командасы чоң
мелдешке толук даяр. Касым-Жомарт Токаев олимпиаданын алдында өлкө намысын
коргой турган спортчулар менен жолугушуп, улуттук курама команданын мүчөлөрүнө мамлекеттик
тууну тапшырды.
Президент өлкө намысын коргоодо спортчуларга жооптуу миссия жүктөлгөнүн
айтып, ийгиликтерди каалады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Калктуу пункттарда атайын аянтчалар салынып жатат.
Былтыр 70ке жакын спорт борборлору ачылды. Быйыл дагы 200гө жакын объект
курулат. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Улуттук олимпиадалык комитетте
өзгөрүүлөр болду. Олимпиадалык оюндарга даярдык көрүү штабы түзүлдү. Тажрыйбалуу
адистерди чакырдык. Белгилүү спортчу Геннадий Головкин келди. Ар бир тармакта
өз ишинин чыныгы устаты болууга тийиш. Ошондо гана жыйынтык болот. Биз
спортчуларга өзгөчө урмат көрсөткөн өлкөбүз. Албетте, чемпион болуу оңой эмес.
Казакта «намыска чапсаң алыска чабасың» деген сөз бар. Ошондуктан жеңүүчү
болосуздар деп ишенем.
Казакстан спортчулары Олимпиада оюндарынан эч качан куру
кол кайткан эмес. Бул жолу да өлкө үмүтүн актай тургандар даңктуу жолду намыс
менен улантат деген ишеним чоң.
Асланбек Шымбергенов, улуттук курама команданын капитаны:
-Чоң жоопкерчилик, чоң сыймык. Кудай буйруса желегибизди
желбиретүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Лицензия алгандан кийин олимпиадага
даярдыктар жүрүп жатат. Ага чейин биз бул лицензияны алуу үчүн машыгып
келгенбиз. Эми Кудай буйруса акыркы машыгууларыбыз калды. Андан соң Францияга жөнөйбүз.
Ольга Сафронова, Азия оюндары жана Азиянын чемпиону:
-Учурда жеңил атлетика боюнча Париж олимпиадасына 8 лицензиябыз бар. Алматы облусундагы Олимпиада оюндарына даярдануу борборунда машыгып жатабыз. Негизи даярдыктар аяктап калды. Олимпиадалык оюндарга катышуу ар бир спортчу үчүн чоң жоопкерчилик. Ошондуктан, албетте, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, жеңиш тепкичинен көрүнөбүз деп максат кылып жатабыз. Биз дүйнөнүн эң мыкты спортчулары менен күч сынашканы жатабыз. Мунун өзү жакшы натыйжа. Бирок, Париж олимпиадасында өлкөбүздүн көк желегин желбиретип, бардык күчүбүздү жумшайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков