44 спортчу Франциянын борборунда өтүүчү жайкы паралимпиада оюндарында Казакстандын намысын коргойт.
Белгилей кетсек, бул баш оона айынын 28-нен аяк оона айынын 8-не чейин өтө турган төрт жылдыктын башкы старттарында биздин өлкөдөн катышуучулардын рекорддук саны. Биздин курама команданын өкүлдөрү 33 лицензия алышты. Мелдеш спорттун 23 түрү боюнча өтөт, биздин спортчулар болсо 9 түрү боюнча күч сынашат. Бул жеңил атлетика, пара-пауэрлифтинг, пара-таэквондо, парапланинг, парадзюдо, параканоэ. Республика алгач паралимпиадалык командалык спорттун түрү-отурган волейбол, ошондой эле паранастол тенниси жана парапул атуу боюнча дебют жасайт.
Белгилей кетсек, Казакстандын жайкы Паралимпиада оюндарына катышуу тарыхында биздин спортчулар 7 медаль – 2 алтын, 4 күмүш жана 1 коло утуп алышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков