Казакстандын Жаа атуу боюнча улуттук курама командасы даярдык көрүүдө

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жигердүү даярдыкты салттуу жаа атуу боюнча Казакстандын улуттук курама командасынын өкүлдөрү өткөрүүдө. Спортчулар борбордук ипподромдун аймагында өз өнөрлөрүн өркүндөтүшүүдө, анда негизги мелдештер өтөт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бул аянт масштабдуу мелдештерди өткөрүүгө даяр.

Бакберген Салимов, Казакстандын Жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү:

– Биз бардыгын изилдейбиз – климаттык шарттар, шамалдын багыты, буталардын көрүнүшү. Биздин максатыбыз – мелдеште Жаа атуу боюнча жакшы жыйынтык көрсөтүү. Мелдеш өлкөбүздө өтөөрүн эске алып, биз чоң жоопкерчиликти сезип жатабыз.

Ажар Рахмет кызы, Казакстандын Жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү:

– 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына аз гана убакыт калгандыктан, биз даярдыгыбызды күчөттүк. Биздин мекенибизде Казакстанга алтын алып келебиз деп ойлойм. Бул сыйлыкты жеңип алуу үчүн, биз 100 пайыз беребиз.

Бүгүнкү күндө салттуу жаа атуу боюнча мелдешке катышуу ниетин 35 өлкөнүн өкүлдөрү билдиришти. Алар буга чейин арыздарын беришкен.

Диас Ахметов, Казакстандын Жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:

– Өлкөлөрдүн так саны аккредитациядан өткөндөн кийин гана белгилүү болот. Жакшы даярдыкты Түркия, Малайзия, Кыргызстан, Венгрия, Орусиядан келген жаачылар көрсөтүүдө. Мен буга катышкан чет өлкөлөрдөгү мелдештерден баа бере алам. Менин оюмча, биздин спортчулар алдыдагы мелдештерде өздөрүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп, «алтын» утуп алабыз.

Эскерте кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяк оона айынын 8и 13ү күндөрү Астанада өтөт. Мелдешке дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн эки миңден ашуун атлеттин катышуусу пландалууда. Жалпысынан спорттун 21 түрү боюнча 97 комплект медаль ойнотулат.

Кототргон: Илгиз Жамалбеков