Касым-Жомарт
Токаев падел
боюнча эл аралык федерациянын президенти Луиджи Карраро жана Premier Padel
дүйнөлүк турунун төрагасы Нассер Бен Ганим Аль-Хелаифи менен жолугушту.
Тараптар бул спорттун түрүнүн Казакстандагы өнүгүүсүн талкуулашты. Бүгүнкү
күндө өлкөнүн 16 облусунда аймактык федерациялар түзүлүп, 17 корт иштеп жатат.
Ал эми 2027-жылы Алматы шаарында эл аралык деңгээлдеги 10 аянтчасы бар заманбап
комплекс иштей баштайт. Ал Борбор Азиядагы эң ири комплекстердин бири болуп,
Premier Padel деңгээлиндеги турнирлерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет деп
күтүлүүдө. Мамлекет башчысынын айтымында, эл аралык федерация менен кызматташуу
паделди популяризациялоого жана өлкөнүн
дүйнөлүк аренадагы спорттук имиджин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

