Казакстан менен Сербия товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Казакстан менен Сербия товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Сербия-Казакстандын Балкан жарым аралындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Өлкөлөр бардык тармактарда кызматташууну арттырууга кызыкдар. Соода-экономикалык кызматташтыктын чоң дарамети бар. Алсак, өткөн жылы эки тараптуу соода алаканын көлөмү 23% өсүп, 91 миллион доллардан ашкан. Ушул жылдын 9 айында, республиканын мамлекеттик салык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөлөр дээрлик 70 миллион долларлык соода жүргүзүшкөн. Атап айтканда, азыр Казакстан Сербияга минералдык жер семирткичтерди, пропилен полимерлерин, пахта, фанераларды эң көп жеткирет. Сербия өз кезегинде Казакстанга картон, алюминий профилдерин, айнек буюмдарын жана темир конструкцияларын импорттойт. Атамекендик айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнү арттыруу боюнча да чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Жалпысынан бүгүнкү күндө Казакстанда серб капиталынын катышуусу менен 50дөн ашык биргелешкен компания катталган. Белгилей кетсек, азыркы учурда «ачык асман» режими иштеп, эки өлкөнүн укуктук базасы 14 жүргүнчү каттамын аткарууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков