Казакстандын Парламенти ишинин жыйынтыгын чыгарды

Казакстандын Парламенти ишинин жыйынтыгын чыгарды

Мажилистин VIII чакырылышынын төртүнчү сессиясы жыйынтыкталды. Палатанын спикери Ерлан Кошановдун маалыматы боюнча, депутаттар 190 мыйзам долбоорун талкуулашкан. Алардын ар бир үчүнчүсү депутаттардын демилгеси менен иштелип чыкты. Натыйжада 110 мыйзамга Мамлекет башчысы кол койду. Алардын катарында «Санарип кодекси» жана «Жасалма интеллект жөнүндө» мыйзам сыяктуу өлкөнүн жашоосуна жаңы өзгөрүү алып келүүчү фундаменталдык мыйзамдык документтер бар.


Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:


Бул сессия Казакстан Парламентаризминин жаны тарыхындагы эн маанилүү мезгилдердин бирине айланды десек болот. Президентибиз белгилегендей, теке айынын 1нен баштап Казакстан жаңы доорго кадам таштайт. Биринчи кезекте биз Жаны Конституцияны ишке ашыруу учун бир катар Конституциялык мыйзамдарды кабыл алдык. «Президент», «Астананын макамы», «Административдик-аймактык түзүлүш» боюнча мыйзамдар жаңыланды, ал эми «Курултай жана анын депутаттарынын макамы», «Элдик Кеңеш» тууралуу жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Ушундайча, Баш мыйзамдын күчүнө кириши үчүн бардык иштер сапаттуу жана убагында аткарылды.


Сенаттын соңку жыйынында Спикер Маулен Ашимбаев Палатанын аткарган кызматына токтолду. Сенат өз тарыхында 900гө жакын отурум өткөрүп, 3,5 минден ашык мыйзамды кабыл алып, жактырды. Ар бир онунчу мыйзам Сенат депутаттарынын демилгеси менен иштелип чыкты. Кош палата расмий ишин кулжа айынын 30 күнү аяктайт. Башкача айтканда, жаңы Конституцияга ылайык Парламент шайлоодон кийин Курултай болуп өзгөрөт.


Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:


– Мыйзам чыгаруу менен катар, палата ар кандай форматтагы жыйындарды өткөрүп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон маанилүү маселелерди көтөрүп келген. Жарандарыбызды тынчсыздандырган маселелер боюнча Өкмөткө 3 миңге жакын депутаттык суроо жөнөтүлүп, чечүү жолдору сунушталды. Бул аткарылган иштердин жүрүшүндө сенаторлор дайыма элдин кызыкчылыгына бекем туруп, мамлекетчилдик принцибинен жазган жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков