Саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, агроөнөр жай комплекси жана башкалар. Касым-Жомарт Токаевге Реформалар боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында 10 улуттук долбоор жана аларды иштеп чыгуу концепциялары сунушталды. Бул долбоорлор Улуттук артыкчылыктарды жана 2025-жылга чейинки Улуттук өнүгүү планын жүзөгө ашырууга багытталган.
Қайрат Келимбетов, РКнын Стратегиялык пландоо жана реформалар агенттигинин төрагасы:
- Мамлекеттик долбоорлор ишке ашса, 1 миллиондон ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт. Калктын жашоо узактыгы 74 жылга чейин узартылат. Аймактар арасында ИДӨ айырмачылыгы 3 эсеге кыскарат. Калк негизги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн толук мүмкүнчүлүк ала алат.
Мамлекет башчысы сунушталып жаткан улуттук долбоорлордун тизмесин колдоп, Өкмөткө жана Агенттикке баш оона айынын 15не чейин улуттук долбоорлордун так, макулдашылган, каржылык жактан колдоого алынган текстин киргизүүнү тапшырды. Жыйындын жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаңы органы - Кеңешке жүктөлгөн милдеттерге дагы токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Кеңеш - бул түп-тамырынан бери жаңы институт. Анын чечимдерди кабыл алуу жана көзөмөлдөө сыяктуу конкреттүү таасир этүүчү механизмдери болушу керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жергиликтүү салыктар боюнча бекитилген өлчөмдөрдүн чегинде түзөтүүлөрдү киргизүү укугун берүү маанилүү жаңылык болот. Ошол эле учурда, бул кеңеш айылдын чыныгы социалдык-экономикалык абалына жараша чечим кабыл алат. Бизнес өкүлдөрүн тартуу үчүн фискалдык кирешенин мүмкүн болушунча көп болгону кажетпи же болбосо салык ошончолук аз болушу керекпи, аны кеңеш өзү чечет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков