Казакстан Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйыны Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгында өттү. Өкмөт мүчөлөрү космос чөйрөсүнүн абалы жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат беришти. Мамлекет башчысы тармактын стратегиялык маанисин баса белгилеп, спутниктик байланыштын жана космос инфраструктурасынын туруктуулугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаев глобалдык космос сектору түп-тамырынан өзгөрүп жатканын белгиледи. Космос ишмердүүлүгү чоң державалардын «жабык клубунун» иши болгон доор артта калды. Бүгүнкү күндө анын ордуна байланыш, таратуу, навигация, космостук мониторинг, интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоо сыяктуу колдонуу багыттарын жигердүү өнүктүрүп жаткан жеке компаниялар келип жатат. Космос илимин өнүктүрүү жана изилдөөлөрдү колдоо маселелери өзүнчө каралды. Мамлекет башчысы тармактагы эл аралык кызматташтыктын келечегине да токтолду. Жыйындын жыйынтыгы боюнча Өкмөткө космос тармагын модернизациялоого багытталган бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

