Казакстандын жогорку окуу жайлары китепканачыларды жана педагогдорду
даярдайт. Бул адистердин жетишсиздигинен өлкөдө жаңы кесип пайда болот. Илим
жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 11 миңден ашык
китепкана иштейт. Бул руханий азык жайларда 6 миңге жакын китепканачы
жетишпейт. Андыктан бул тармак мамлекеттик колдоого муктаж. Сураныч бар. Демек,
быйыл мамлекеттин эсебинен жаңы кесипти бекер үйрөнсө болот. Алдыдагы окуу
жылына бакалаврга – 100, магистратурага – 20, докторантурага – 3 грант бөлүндү.
Мектепке чейинки билим берүү тармагы үчүн адистерди даярдоо да активдүү жүргүзүлүүдө.
Бул адистикти өлкөнүн 39 университетинде жана 119 колледжинде өздөштүрүүгө
болот.
Алимжан Курмашев, КР оку-агартуу министрлигинин департаментинин
башкы серепчиси:
-119 колледжде «Мектепке чейинки тарбия жана
окутуу» багыты жана адистиги боюнча 17 миң адам билим алат. Алардын 9 миңи
мамлекеттик буйрутма менен билим алышат. Учурда академиялык автономиянын
алкагында орто кесиптик билим берүү жана мектепке чейинки уюмдар биргеликте
«Педагог» кесиптик стандартынын негизинде атайын программаларды иштеп чыгууда.
Алардын сунуштары эки этаптуу кароодон өтүп, билим берүү программаларынын
реестрине киргизилет. Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөрдүн туруктуу иш менен камсыз
болуу көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, студенттерди
жатакана менен камсыз кылуу, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү максатында
педагогикалык колледждерге квалификациялык талаптарды күчөттүк. Алар аймактык
өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен окуу программаларын жана пландарын өздөрү
жаңыртышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков