Бүгүн Алматыда Азербайжан менен Армениянын өкүлдөрү ортосунда
сүйлөшүүлөр өтөт. Эске сала кетсек, Казакстан эл аралык
чыр-чатактарды жөнгө салуу үчүн диалог аянтчасын бир нече жолу сунуштаган. Ал эми Азербайжан менен Армениянын тышкы саясат мекемелери жетекчилеринин жолугушуусу өлкөнүн тынчтык орнотуу
дараметин дагы бир жолу жогорулатат. Бул саясат таануучу Айдар Амребаевдин
пикири. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт
Токаев чын куран айында Ереванга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн
мамилесин тез арада жөнгө салууга чакырып, Түштүк Кавказдын аймагында тез арада
стабилдүүлүк жана тынчтык орнотуу зарылдыгына көңүл бурган. Сапардын жүрүшүндө
мамлекет башчысы Казакстан тынчтык менен ынтымакка жетишүү үчүн сүйлөшүү
ыкмасын гана колдой турганын жана бул багытта ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр
экенин билдирген.
Айдар Амребаев, Саясат таануучу:
-
Казакстан Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык диалогду орнотуу үчүн
абдан жакшы аянтча боло алат. Биз тараптардын жолугуп, келишимди
талкуулоосуна, жада калса тынчтык келишимине кол коюусуна шарт түзгүбүз келет.
Алардын арасында чек араны делимитация жана демаркация маселеси абдан маанилүү.
Үчүнчү маселе – бүткүл дүйнөлүк байланышты камсыз кылуу жана коопсуздук
маселелерин талкуулоого шарт түзүү бооуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков