Казакстандын Президентин Токио жогорку деңгээлде кабыл алды.
Жапон басылмалары жазгандай, Президенттин Император Нарухито жана Премьер-министр
Санаэ Такаичи менен бирдей жолугушуусу терең урмат-сыйды билдирет. Ошондой эле,
жалпыга маалымдоо каражаттары Казакстанды Жапония үчүн Борбордук Азиядагы
маанилүү өнөктөш деп баалашты. Казакстан менен экономика жана технология,
туруктуу өнүгүү маселелеринде өнөктөштүк орногонун да жазышты. Президенттин күн
чыгыш өлкөсүнө болгон расмий сапарына жапон эли кызыгуу менен көз салып турду.
Нимомия Такаши, Аль-Фараби атындагы КАЗУУнун Чыгыш таануу
факультетинин профессору:
- Жапон ЖМКнан мен кол коюлган келишимдер, Касым-Жомарт
Токаевдин ошол жерде жашаган казакстандык жаштар менен жолугушуусу,
Президенттин жергиликтүү ибадатканага барганы тууралуу билдим. Ушул сапардан
кийин эки өлкөнүн ортосунда алака артат деп ойлойм. Жапон студенттеринин казак
тилин үйрөнүүгө да кызыгуусу ачыларына үмүт артам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

