Казакстандын президентинин Вашингтонго сапары дүйнөлүк алдыңкы маалымат каражаттарынын кеңири көңүлүн бурду. Белгилүү басылмалар жана телеканалдар Казакстандын Авраам келишимдерине кошулушуна өзгөчө токтолушкан. Мисалы, CNN муну тарыхый чечим деп атады. Макалада АКШ президентинин бул тууралуу пикири келтирилген. Ал экинчи президенттик мөөнөтүндө Авраам келишимдерине кошулган алгачкы өлкө – Казакстан болгонун жана бул эл аралык өнөктөштүктүн жаңы этабынын башталышы, - деп белгиледи.
Ошондой эле Associated Press маалымат агенттиги АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын Авраам келишимдерине кошулушун «бүткүл дүйнө жүзү боюнча көпүрө куруудагы маанилүү кадам» деп атаганын белгиледи. Басылма өлкөнүн демилгеге катышуусунун маанисине өзгөчө токтолуп, анын соода байланыштары менен кызматташтыкты күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин жазган.
Reuters өз макаласында Казакстанды АКШнын Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү катары сыпаттап, лидерлердин сүйлөшүүлөрү энергетикалык кызматташтыкты камтыганын билдирди.
Түркиянын «Anadolu» маалымат агенттиги дагы Америка Кошмо Штаттарынын Борбор Азия аймагынын энергетикалык дараметине кызыгуусу тууралуу жазган. Макалада АКШ президентинин аймак өлкөлөрү менен, анын ичинде маанилүү пайдалуу кендер жана соода тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү ниети тууралуу айткандары келтирилет.
Ошондой эле, Казакстандын президентинин сапары тууралуу The New York Times, Вашингтон пост, Aljazeera, France 24, Foxnews, Deutsche Welle, indianexpress сыяктуу дүйнөнүн ири маалымат агенттиктери жазышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

