Казакстан чет өлкөлүк жарандар үчүн бизнес визаларын сунуштайт. Жалпысынан квалификацияга, мыкты адистерге жана инвесторлорго үч түрдөгү виза берилет. Өлкөнүн тармактык министрлигинин маалыматы боюнча, ди-джитал номад визасы IT жаатындагы адистерге берилет. Ошондой эле, туруктуу В-9 виза түрү бар. Аны медицина менен илим-билим жана чыгармачыл жаатындагы чет элдиктер жөндөй алат. Ал эми Нео Номад визасы аралыктан иштеген адистерге арналган.
Ержан Еркинбаев, Туризм жана спорт вице-министри:
- Өткөн жылдын аягында, жетинин айынын 18де кошулду. Бүгүнкү күнгө чейин бул визаны 7 адам алды. Программисттер гана эмес, ал контент - креатор, юристтер, андан кийин бухгалтерлер, кеңешчилер өз иштерин аралыктан жүргүзө ала турган адамдар бул визаны ала алышат. Казакстандын бай маданиятын, улуттук парктарын жана ар кандай туристтик өнүмдөрүн көрүп бир жылга чейин жүрүүгө мүмкүндүк бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

