Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында атайын жүрүш өттү

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Казакстандын борборунда атайын спектакль уюштурулду. 30га жакын атчандар борбордун негизги жерлерин кыдырып чыгышты. Алгач катышуучулар «Барыс Арена» муз сарайынын жанындагы аймакка чогулуп, Бухар жырау, Түркестан, Орынбор, Акмешит, Достык көчөлөрү менен Кабанбай батыр проспектисин басып өтүштү. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда аяк оона айларынын 8-13 күндөрү өтөт. Иш-чарага 89 өлкөдөн 2000дей оюнчунун катышуусу күтүлүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков