Өлкөнүн «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасы АКШ Соода палатасы менен стратегиялык өнөктөштүк түзөт. Тараптар Астанада өткөн Казакстан–АКШ ишкердик тегерек үстөлүндө тиешелүү меморандумга кол коюшту. Жалпысынан өлкөлөр өз ара өнөр жай кооперациясын кеңейтүүнү, айыл чарба жана транспорт-логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатышат. Мисалы, былтыр жетинин айында мамлекет башчысынын АКШга сапары учурунда наркы 25 миллиард доллардан ашкан инвестициялык келишимдерге кол койгон. Натыйжада өз ара алака ылдамдады. Быйылкы биринчи чейректе гана товар айлануу 1 миллиард доллардан ашып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилинен 10% өскөндүгү байкалат.
Канат
Шарлапаев, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы:
– Бул форумга катышкан 200 компания катталды. Алардын арасында технологиялык компаниялар, индустриялдык компаниялар, андан кийин каржы тармагындагы компаниялар катышып жатышат. Бүгүнкү күндө америкалык компаниялар жөн гана ресурстук инвестицияны салбай, кайра иштетүү өнөр жагынан абдан жигердүү иштеп жатышат.
Джефф
Эрлих, Казакстандагы АКШнын Соода палатасынын аткаруучу мүдүрү:
– Акыркы бир-эки жылда биз бизнес жолугушуулардын, ишкердик байланыштардын санынын кескин өскөндүгүнө күбө болуп жатабыз. Америкалык компаниялар Казакстанга чоң кызыгуусун билдирип, ар кандай тармактардагы кызматташтыкка бет алышты. Менимче, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү да бүгүнкү күндө Казакстанды биринчи кезекте ишкердик кызматташтык призмасы аркылуу карап жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

