Казакстан инвестиция тартуу боюнча Борбор Азия чөлкөмүндөгү лидерлигин сактап калууга кызыкдар. Бүгүнкү күндө аймакка салынган бардык каражаттардын 70% жакыны өлкөгө тиешелүү. Бул тууралуу Казакстандын президенти Чет элдик инвесторлор кеңешинин 38-пленардык жыйынында билдирди. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн экономикасы өткөн жылы 6,5% өсүп, ички дүң өнүм 300 миллиард доллардан ашканын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз бул экономикалык ийгиликтерге негизинен саясий туруктуулуктун аркасында жетиштик. Тарыхый бүткүл элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча биз Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алдык, ал азыркы тапта Элдик Конституция катары таанылууда. Баш мыйзамдын бүгүнкү сессиянын алдында күчүнө киришинин символикалык мааниси бар. Жаңыланган конституциялык нормалар инвесторлордун укуктарын эң жогорку деңгээлде коргойт.
Президент эл аралык бизнес үчүн жагымдуу заманбап институттук чөйрөнү калыптандырууга көңүл бурду. Өлкөдө «бирдиктүү терезе» принцибине ылайык кызмат көрсөткөн Улуттук санариптик инвестициялык платформа ишке киргизилип, инвестициялык штаб түзүлдү. Ошондой эле, Altyn Visa программасынын алкагында чет элдик ишкерлерге салык жеңилдиктери жана жөнөкөйлөштүрүлгөн миграциялык процедуралар каралган. Касым-Жомарт Токаев Кеңеш мүчөлөрүнө заманбап санариптик инфраструктураны түзүү боюнча кызуу иштер жүрүп жатканын билдирди. Казакстан эки суперкомпьютерди ишке киргизип, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун тармагын түзүүдө.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Инвестициялар санариптик доордун талаптарына жооп берген заманбап ченемдик-укуктук база менен кепилденет. Жакында парламент тарабынан кабыл алынган Санарип кодекси, «Жасалма интеллект жөнүндө» мыйзам жана Digital Qazaqstan стратегиясы өлкөнү өнүктүрүүнүн так технологиялык жол картасын түзөт. Ошондой эле бул документтер инновацияларга, инвестиция тартууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө тартымдуу шарттарды калыптандырат.
Мамлекет башчысы чет элдик инвесторлорду Казакстанды дараметтүү тармактарда ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү аянтча катары пайдаланууга чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

