Президент өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу отчетту укту

Президент өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу отчетту укту

Өндүрүш жана курулуш тармактары быйылкы жылы Казакстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычтарына айланды. Президент өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу премьер-министрдин маалыматын укту. Олжас Бектеновдун айтымында, айыл чарба тармагында да көрсөткүчтөрдүн бир топ өсүүсү байкалат. Бүгүнкү күндө 4 жарым миллион гектарга жакын негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн эгиндери чабылды. 6 миллион 600 миң тоннага жакын дан бастырылды — бул өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга жогору. Касым-Жомарт Токаев суу ташкынынан жапа чеккен казакстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча да маалымат алды. Алсак, 7 жарым миңге жакын үй-бүлө жаңы үйлөргө ээ болсо, дагы 9 миңден ашык үй-бүлө оңдоо иштерине компенсация алышкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков