Петер Сийярто: Казакстан атом энергиясына өтүү жолун карашы керек

Петер Сийярто: Казакстан атом энергиясына өтүү жолун карашы керек

Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен энергетика тармагында туруктуу алака түзүүгө ниеттенүүдө. Европалык дипломаттар Казакстанды аймактагы «негизги түркүк» деп эсептешет, андыктан Астана менен кызматташуу аталган максатка жетүүгө жардам бериши керек. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Silk Way телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Казакстан менен Венгрия жашыл жана атомдук энергетика тармагын башкы багыт катары карап жатат. Ага ылайык, мамлекет адистерди даярдоону мерчемдөөдө. Мындан тышкары мартабалуу мейман жыл аягына чейин Рожковское газ конденсатынын ири кен-жайы пайдаланууга берилерин айтты. Белгилей кетсек, Венгрия тарап бул долбоорго 200 миллион долларга жакын инвестиция салган. Жалпысынан Петер Сийярто 2023-жылды экономикалык көз караштан алганда «эң жемиштүү жыл» деп атады.

Петер Сийярто, Венгриянын Тышкы иштер министри:
- Биз Евробиримдик менен Казакстандын ортосундагы өнөктөштүктүн чыңдалышын каалайбыз. Белгилүү болгондой, Евробиримдик энергетикалык ресурстардын импортун ар тараптандырууга аракет кылууда. Себеби, алар бир гана рынокко көз каранды болбой, келечекке ишенимдүү өнөктөш издеп жатышат. Биз Борбор Азия диверсификацияга жардам бере алат деп ишенебиз. Казакстанды аймактагы негизги өнөктөшүбүз деп эсептегендиктен, бул максатыбызга жете аларыбыздан күмөнүбүз жок. Венгрия атом энергияны 40 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланып келет, ошондуктан бул жагынан биздин тажрыйбабыз жетиштүү. Биздин оюбузча, атомдук энергия арзан, туруктуу, экологиялык жактан коопсуз энергия булагы. Ошондуктан, менин жеке пикиримде, Казакстан өзүнүн уран корун пайдаланып, атом энергиясына өтүү жолун карашы керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков