Парламент Элбашы макамынын күчүн жойгон мыйзамды кабыл алды

Парламент Элбашы макамынын күчүн жойгон мыйзамды кабыл алды

Борбор калаада өткөн эки палатанын биргелешкен жыйынында депутаттар документти эки окууда жактырышты. Мыйзамды Ерлан Саиров тааныштырды. Депутат өткөн жылы өлкөдө жалпы элдик референдумдун жыйынтыгында жаңы Конституция кабыл алынып, ага элдин 77%ы добуш бергенин эске салды. Айта кетсек, Мыйзамга 56 өзгөртүү киргизилген. Ошондой эле, Элбашы жана анын макамын алып салуу жөнүндө эреже бектилди.

Ерлан Саиров, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Конституциялык реформа эгемендүүлүктүн 30 жылындагы ири кадам, өлкөдө бийлик бутактарынын институттарын бекемдөө жана коомдо демократияны калыптандыруудагы маанилүү багыт. Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, «Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти-Элбашынын макамы жана  анын ыйгарым укуктары өлкөнүн Конституциясы менен аныкталат» деген норманы көздөгөн Конституциянын 46-беренесинин 4-пункту алынып салынды.

Владимир Волков, Парламент Сенатынын депутаты:

- 2022-жылдын кулжа айынын 5де өткөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыктарын ишке ашыруу жана мыйзам актыларынын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында “Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти-Элбашы жөнүндө” конституциялык мыйзамды күчүн жоготту деп таануу сунушталган. Бул жаатта Түнгуч-Президентке Конституциянын 46-беренесинде жана “Казакстан Республикасынын Президенти жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген жалпы кепилдиктер колдонулат.

Жыйынтыгында, Элбашы макамын жоюу боюнча мыйзам кабыл алынды деп эсептелип, мамлекет башчынын кол коюусуна жөнөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков