Президент Түркестан облусунун тургундары менен жолугушту

Мамлекет башчы жумушчу сапары менен Түркестан облусуна барды. Касым-Жомарт Токаев алгач Кожа Ахмед Ясауинин күмбөзүнө барып, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген күмбөздө жүргүзүлүп жаткан комплекстүү илимий-изилдөө иштери менен таанышты. Ал эми Түркестан шаарындагы жаңы курулган «достук үйүндө» жергиликтүү интеллигенция жана Казакстан элдери ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Мамлекет башчы коомдун өнүгүшүнө салым кошкон ардагерлерге ыраазычылык билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Ыйык Түркестан жергесине атайын келип жатам. Түркестан регионунун келечеги жаркын деп ойлойм. Жаштарыбызга үлгү көрсөтүп келген ардагерлерге ыраазычылык билдирем. Жаштарга өрнөк болуп жатасыздар. Баарыбыз биригип, өлкө үчүн иштешибиз керек. Сырттагы тобокелдиктер да аз эмес. Болуп жаткан кырдаалдарды жакшы билесиздер. Биздин эл көп улуттуу. Түркестан кооздолуп, жашылдандырылып, шаар таза.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө 500дөн ашуун шыктуу окуучулар билим алып жаткан «Билим-Инновация» лицей-интернатына көңүл бурду. Жыл башында жаңы имарат пайдаланууга берилип, лицей-интернат Кентаудан Түркестанга көчүрүлдү. Лицейде табигый-математикалык багытка артыкчылык берилет. Мугалимдер окуучулардын окуудагы жетишкендиктерине көңүл бурушат. Жыйынтыгында алар республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жана спорттук мелдештерде мыкты аталышты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Түркестан облусунда «ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоору боюнча 29 мектеп курулуп жатат. Быйыл 13 билим берүү объектисин пайдаланууга берилмекчи. Буга кошумча, мамлекет башчы муз сарайын карап чыкты. Комплекс заманбап стилде жабдылган. Анда шорт-трек, муз тебүү жана хоккей сыяктуу кышкы спорт түрлөрү менен жыл бою машыгуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Атайын технология аянтчанын формасын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Мында спорттун бир нече түрү менен машыкса болот. Касым-Жомарт Токаев жаш өнөрпоздордун аткаруусуна күбө болду. Ал эми «Turan Tigers» хоккей клубунун спортчулары мамлекет башчысына команданын футболкасын белек кылышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков