Быйылкы жылдан баштап өлкөдө студенттерди каржылык колдоонун жаңы механизмдери киргизилди. Алардын арасында «Келечек» бирдиктүү ыктыярдуу аманат тутумун, «Балдар үчүн улуттук фонд» программасын, жөнөкөйлөштүрүлгөн билим берүү насыясын жана дифференцияланган гранттарды кошууга болот. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри мамлекет башчы менен болгон жолугушууда билдирди. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен аймактык мамлекеттик университеттерди эл аралык билим берүү стандарттары бар изилдөө университеттерине айландыруу боюнча да макулдашуулар түзүлдү. Жыйындын соңунда мамлекет башчы жатаканаларды куруу, жогорку билим берүү жана илим инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:
– Ушул 2 жылдын ичинде өлкөдө чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын 25 филиалы ачылды. Анын ичинде 4 чоң кампус ачылмак болгон. Алматыдагы Демонфорд университетинин, Астанада Кавентри жана Кардифф университеттеринин, Түркестандагы Восонг Түштүк Корея университетинин кампусу ачылат. Жаңы кабыл алынган илимий-техникалык саясат мыйзамынын алкагында жаңы механизмдер жана ыкмалар тууралуу баяндалды. Алардын арасында белгилүү TRL методологиясы бардык илимий системалардын методологиясына айланат. Алардын ичинен улуттук илимий академиябызга өзгөчө өзүнчө автономиялык макам берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков