Касым-Жомарт Токаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. Мааракелик саммит Москвада өттү. Бул боюнча тараптар өткөн жылы макулдашкан. Чакан курамда мамлекет башчылары Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы маанилүү милдеттерди жана кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Кеңейтилген курамдагы жыйынга делегация мүчөлөрү жана байкоочу өлкөлөр Өзбекстан менен Куба катышты. 10 жылдын ичинде союз чоң ийгиликтерге жетишти. Өз ара соода дээрлик эки эсе өстү. Маселен, бир гана Казакстандын биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода алмашуусу 2015-жылы 16 миллиард доллар болсо, 2023-жылы бул сан 28,5 миллиард долларга чейин өстү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, ири инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясына көмөктөшүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун калыптандыруу аркылуу жогорку деңгээлдеги өз ара интеграциялык кызматташтыкты бекемдейт. Учурда негизги максат – биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Бул үчүн жетиштүү дарамет бар.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биз чыныгы бирдиктүү жана системалуу иш алып баруучу тоскоолдуксуз ички рынокту түзүшүбүз керек. Жашыруун чектөөлөрдү, «конкерттүү шартка байланыштуу чечимдерди» жана кол менен башкаруунун ар кандай түрүн колдонуу тажрыйбасын толук жоюу маанилүү. Бул Евразиялык экономикалык комиссиянын ишинин артыкчылыгы болууга тийиш.
Казакстандын президенти дагы бир негизги милдет катары «тышкы сооданы кайра курууну» атады. Евразиялык өнүмдү тышкы рынокко активдүү чыгаруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарыл. Товарды үчүнчү өлкөлөргө үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул жаатта Казакстан Монголия менен убактылуу соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин колдойт. Буга кошумча, Азиянын, Африканын жана Жакынкы Чыгыштын тез өнүгүп жаткан өлкөлөрү менен кызматташуунун мааниси чоң.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Дүйнөлүк ИДӨнүн учурдагы өсүшүнө Азия жалгыз гана 60% салым кошору күтүлүүдө, анткени Глобалдык Түштүк менен кызматташуу өзгөчө кызыгууну жаратат. Перс булуңунун рынокторуна чыгуу үчүн биз Экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерди эл аралык транспорт коридорун түзүү боюнча Ашхабад келишимине кошулууга чакырабыз. Учурда Казакстан муну ишке ашырууда.
Тышкы рынокко чыгуу үчүн транспорттук система маанилүү. Ал эми бул жерде темир жол инфраструктурасын кеңейтүү жана модернизациялоо зарыл. Тарифтерди шайкеш келтирүү жана бирдиктүү евразиялык санарип коридорун түзүү үчүн «кынтыксыз» логистиканы түзүү маанилүү, дейт Касым-Жомарт Токаев. Айта кетсек, Казакстан келерки жылы темир жол транспортунда жасалма интеллект колдонууга ниеттенүүдө. Ал эми жалпысынан санариптештирүү боюнча кызматташуу ЕАЭБди өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болушу керек, деп эсептейт мамлекет башчысы. Мындан тышкары, IT технологияларды колдонуу чөйрөсү абдан кеңири - робототехникадан биотехнологияга жана айыл чарба илимине чейин. Анан албетте өнөр жай кооперациясын тереңдетүү зарыл. Бул жогорку кошумча нарк менен өнүм өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Маселен, Казакстан биримдикке кирген өлкөлөр менен 150дөн ашык өнөр жай долбоорлорун иштеп чыгууда. Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөр бир катар документтерге кол коюу менен аяктады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков