Казакстан Президенти суу ташкыны менен күрөшкө жигердүү катышкан жарандарды сыйлады

Суу ташкынына каршы күрөштө казакстандыктар чыныгы ынтымакты жана биримдикти көрсөтүштү. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жарандар биргеликте апаттын өрчүшүнө каршы турду деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.  Акордада мамлекет башчы суу ташкынына каршы иш-чараларга активдүү катышкан казакстандык жарандарды сыйлады. Президент бул болуп көрбөгөндөй кыйраткыч табигый кырсык экенин айтты. Казакстандын 10 облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, 19 миңден ашуун үйдү суу каптады. 120 миң адам эвакуацияланган. Сел менен күрөшүүгө күч түзүмдөрүнүн 63 миңден ашык кызматкерлери, куткаруучулар, дарыгерлер, ишкерлер жана ыктыярчылар катышты. Президент бул мурда болуп көрбөгөндөй кыйраткыч табигый кырсык экенин айтты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

-Улуттук ыктыярчылар желеси табият кырсыгы болгон учурдан тартып өзгөчө активдүү иш алып барып, 50 миңден ашык ыктыярчылар жардам кербендерин уюштурушту. Алар кырсык болгон аймактарга азык-түлүк жана башка керектүү буюмдарды жеткирүүгө катышты. Казакстан эли ассамблеясынын «Жүрөктөн жүрөккө» акциясы жалпы ишке чоң салым кошту.

Мамлекет башчы чогултуп жүргөн акчасын Күлсары тургундарына которгон Гаухар Шаймердендин ата-энесине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Атырау облусунун тургундары токсондон ашкан Орынша Токтыбак кызы менен Алия Досмуханованын ак эмгегин өзгөчө белгилеп өттү.  Мындан тышкары, президент жардам көрсөткөн боордош мамлекеттерге, эл аралык компанияларга жана уюмдарга ыраазычылык билдирди.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

 

-Чыныгы достук кыйынчылыкта сыналат деп бекерден айтышпайт. Жабыркаган элге жардам берүү үчүн айрым чет элдик жарандар атайын келишкен. Учурдан пайдаланып, биздин чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүзгө жана досторубузга ушундай оор мезгилде колдоо көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет.


Президент үй-жайсыз калгандар үчүн турак жай курууга «Казакстан калкына» фондунан каражат бөлүнгөнүн айтты. Жалпысынан 2200дөн ашык үй курулуп, 10 миңге жакын баш калкалоочу жай капиталдык оңдоодон өтөт. Суу каптоонун кесепеттерин жоюуга ата мекендик ишкерлер да бир топ каражат бөлүшкөн. Касым-Жомарт Токаев табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, «Таза Казакстан» акциясын эске салды. Ал казакстандыктардын шаарлар менен айылдарды көрктөндүрүү жана коомдо экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү боюнча аракеттерин мындан ары да бириктирүүгө багытталганын кошумчалай кетти.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков