Казакстанда саясий куугунтук жана ачарчылыктын
курмандыктарынын саны расмий маалыматтардан алда канча көп болушу мүмкүн. 3
миллиондон ашык адам бар деп болжолдонууда. Атайын мамлекеттик комиссия
20-кылымдын башкы трагедиясын изилдөө жана курман болгондордун санын эсептөө
менен алектенүүдө. Ал мындан 4 жыл мурун мамлекет башчынын буйругу менен
түзүлгөн. Анын курамында окумуштуулар, серепчилер, мамлекеттик органдардын
өкүлдөрү жана илимий кызматкерлер бар. Бул аралыкта республиканын бардык
аймактарындагы ондогон мамлекеттик жана мекемелик архивдердин дубалдарында чоң
иштер жасалды. Мунун аркасында көптөгөн материалдардан жашыруун белгиси алынды.
Бардыгы болуп 2,5 миллиондон ашык документ текшерилип, Советтер Союзунун
режиминин 311 миң курмандыгы акталды. Өткөн кылымдагы террордун чыныгы образын
түзүү үчүн ата мекендик окумуштуулар менен катар чет элдик адистер да тартылды.
Натыйжада 72 томдук материал жарыкка чыкты. Анын бир бөлүгү Астанадагы
мамлекеттик архивде сакталып турат. Бүгүнкү күндө реабилитацияланган курмандыктардын
санын көбөйтүү жана реабилитациялоо мөөнөтүн узартуу менен бирге бейкүнөө жазага
учурагандардын ысымдары өлкөнүн эсинен өчүрбөө максатында аракеттер көрүлүүдө.
Еркин Абил, Парламент Мажилисинин депутаты,
тарых илимдеринин доктору:
-Мисалы, кээ бир адамдар курман болгондордун
катарына кирген эмес. Аларды эл арасында «укугунан айрылгандар» деп да аташкан.
Алардын жаран катары эч кандай макамы болгон эмес жана жазага тартыла тургандай
эч нерсе кылган эмес. Болгону алардын чоң аталары идеологияга туура келбеген
коомдук катмардын өкүлү болгон. Ошондуктан бай-султандардын урпактары же
падышанын тушунда тилмеч болгондор ушундай жазага дуушар болушкан. Мындан
тышкары «эл душманы» деп жарыяланып, жазыксыз жазага тартылгандардын жакындары
да жарандык укуктарынан, атап айтканда, шайлоо укугунан ажыратылды. Аларга
шаарга отурукташууга, жогорку билим алууга, шайлоого катышууга тыюу салынган.
Бул да өзүнчө репрессия.
Которгон: Илгиз Жамалбеков