Астанада казактын атактуу эл акыны, жарчы, сал-серилик
салтынын соңу, ырчы жана композитор Кенен Азирбаевдин 140 жылдык мааракесине
карата республикалык салт ырчылардын сынагы өттү. Биринчи жолу уюштурулуп
жаткан иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан таланттуу студенттер чогулушту. Иш-чаранын
алкагында белгилүү өнөрпоздун «Көкшолак», «Шырка, үнүм», «Туулган жер» аттуу
ырлары жана бир катар күүлөр оркестрдин коштоосунда аткарылды. Белгилей кетсек,
кылымда бир жаралчу инсандын өнөрүнө арналган сынакка Казакстандын Эл артисти
Кайрат Байбосынов калыстык кылып, келечекте бул сынак салтка айланып,
көрүүчүлөрдү тартууга тийиш экенин билдирди. Бул сынак жаштар арасында казактын
элдик өнөрүн даңазалоого мүмкүндүк берет.
Кайрат Байбосынов, Казакстан Эл артисти:
-Аны элге дайыма даңазалап, жайылтуу керек. Бизден кийинки муун билип, элге жетиши зарыл. Өтмүштөн сабак албасак, эртең алар кимге үйрөтөт? Ошондуктан биз атадан балага мурас болуп келе жаткан салтты улантышыбыз керек. Жалпысынан казак өнөрү гүлдөп-өсүшү керек. Бул биздин башкы максатыбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков