Батыш аймактарды чоң суудан коргоо үчүн 10 миңден ашык аскер кызматчы тартылды

Батыш аймактарды чоң суудан коргоо үчүн 10 миңден ашык аскер кызматчы тартылды

Премьер-Министрдин төрагалыгы менен суу ташкынына каршы иш-чараларды координациялоо боюнча республикалык штаб өлкөнүн батыш аймактарындагы абалды талкуулады. Божомолдор боюнча, ал жерде суу каптоонун экинчи толкуну күтүлүүдө. Чын куран айынын экинчи он күндүгүндө Батыш Казакстан облусунун аймагына Жайык жана Сакмар дарыяларынын жогорку жагынан суу келет. Азыркы учурда Орал шаарындагы Жайык дарыясында суунун деңгээли 728 сантиметрди түзүп, кооптуу 850 сантиметрге жакындап калды. Ал эми ушул айдын үчүнчү он күндүгүнүн башында Атырау облусуна суунун келиши күтүлүүдө. Буга байланыштуу Батыш Казакстан облусунда авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн акимчиликтердин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук гвардиянын жана Коргоо министрликтеринин күчтөрү менен каражаттары  тартылды. Башкача айтканда, Батыш аймагына 6 миң, Атырау облусуна 4 миңге чейин адам жеткирилет. Өлкөнүн бардык аймактарынан 4 миңге жакын техника жөнөтүлдү. Премьер-министр коргоо жана ички иштер министрлерине бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Премьер-министрдин биринчи орун басары Түндүк-Казакстан облусундагы абал менен таанышты 

Түндүк-Казакстан облусунун райондорундагы суу ташкынынын абалына, ошондой эле дамбалардын даярдыгына биринчи вице-премьер-министр Роман Скляр баа берди. Суу каптоо коркунучу бар райондордо чептерди куруу иштери аяктады. Облус боюнча жалпысынан 160 чакырымдан ашык каналдар кеңейтилип, тереңдетилди. 15 чакырым дамба бекемделди. Мобилдик топторго дамбалардын абалын көзөмөлдөө, ал эми энергетиктерге суу каптоо мезгилинде электр энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн күнү-түнү иштөөнү күчөтүү милдети тапшырылды. Мындан тышкары, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен Петропавлдагы суу каптоо коркунучу бар аймактагы суунун деңгээли  реалдуу убакыт режиминде дрондор менен көзөмөлдөнүп турат. Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр казакстандыктардын коопсуздугу үчүн эвакуация жүргүзүлгөн бардык конуштарды кайрадан текшерүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков