Казакстандын президенти Акордада Молдованын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министрин кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев менен Михаил Попшой казак-молдова кызматташтыгын мындан ары чыңдоо - ар кандай тармактарда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы Молдованын Казакстандагы элчилигинин ачылышы эки өлкөнүн достук мамилелерди жана көп пландуу өз ара аракеттенүүгө умтулуусунун маанилүү кадамы экенин белгиледи. Өз кезегинде Михаил Попшой бардык казакстандык дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктап, дипломатия азыркы эл аралык реалдуулукта негизги ролду ойной турганын баса белгиледи. Аягында Касым-Жомарт Токаев Молдованын президенти Майя Сандуга салам жолдоду.
Которгон: Назира Бегалиева

