Казакстан 2029-жылга чейин электр энергиясына
болгон өз муктаждыгын толук жабууну пландаштырууда. Бул убакытка чейин
республикада жалпы кубаттуулугу 6,7 ГВт болгон 68 долбоор ишке ашырылмакчы.
Быйылдын өзүндө 621 МВт ашык кубаттуулукту пайдаланууга берүү мерчемделген.
Көбү жаңылануучу энергия булактарынын 9 объектисине туура келмекчи. Жашыл
энергетика тармагында алдыдагы жылы дагы 8, 2027-жылы 13 жана 2028-жылы 3
объектти ишке киргизүү пландалууда. Мындай жаңы маалыматтар Өкмөт жыйынында
келтирилди. Өлкөнүн Энергетика министрлигинин башчысы тармакта жасалма
интеллектти колдонуу маселеси каралып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу
Астана хаб технопаркы менен AI-чечимдерди биргелешип иштеп чыгуу жана киргизүү
боюнча меморандумдарга кол коюлду. Экөө азырдын өзүндө тийимдүүлүгүн
далилдеген. Премьер-министр буга байланыштуу бир катар тапшырма берди.
Олжас Бектенов, Казакстан
Премьер-министри:
- Аталган система онлайн-мониторинг аркылуу энергетикалык объектилердин ишинин ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Санариптештирүү энергиянын натыйжалуулугун арттырып гана тим болбостон, ал бүткүл тармактын ишенимдүү ишин камсыз кылуучу негизги курал. Энергетика, жасалма интеллект жана каржы министрликтери 2026-жылдын аягына чейин Тармактык маалыматтык коопсуздук борборун ишке киргизип, отун-энергетикалык комплексте инфокоммуникациялык инфраструктура операторунун ишин камсыз кылууга тийиш. Бул система энергетика тармагынын бардык субъекттерин кибер коркунучтардан коргоону камсыз кылууга багытталган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

