Жогорку палатанын жыйынына мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев катышты. Президент сенаторлорго кандай милдеттерди жүктөдү жана алдыда кандай саясий реформалар күтүп жатат - кененирээк кабарчынын материалында.
«Акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан саясий өзгөрүүлөр, шайлоо мыйзамдарын максаттуу либералдаштыруу Казакстанда партиялардын түзүлүшүнө жаңы дем берди». Мындай пикирин өлкө президенти Сенаттын жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөгө жогорку жоопкерчиликтүү партиялар керек. Мамлекет башчысы саясий күчтөр элдин кызыкчылыгын натыйжалуу коргой билиши керектигин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Жакында эле Мажилиске жана Маслихаттарга шайлоо өнөктүгү өз ишин баштады. Бул негизги мамлекеттик институттарды комплекстүү модернизациялоонун акыркы этабы болот. Биз мажилистин жана маслихаттын аралаш моделин калыптандырууга өтүп жатабыз. Бардык социалдык топтордун таламдарын коргоо көз карашынан алганда бул абдан маанилүү. Бул өзгөртүү ыйгарым укуктуу бийлик бутактарынын бардыгына олуттуу таасирин тийгизет.
Ошондой эле, мамлекет башчысы Сенаттын курамын жаңылоо процесси аяктаганын билдирди. Президент жакында эле Сенаттын айрым депутаттары шайланганын, бир нече сенаторлорду өзү дайындаганын, Казакстан Эл ассамблеясынын мүчөлөрүнө атайын квота берилгенин эске салды. Маанилүү саясий өнөктүктүн жыйынтыгында депутаттардын дээрлик жарымы жаңыланып, ар бир облустун, анын ичинде жаңы түзүлгөн аймактардын өкүлдөрү бар экени айтылды. Касым-Жомарт Токаев сенаторлор масштабдуу демилгелерди ишке ашырууга жигердүү катышарына ишенимин билдирип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам ташталганын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Ушундай жол менен коомдун ар кандай категорияларынын өкүлдөрү Сенаттын курамына кирди. Негизинен бул палата мамлекеттик башкаруу тармагында өзгөчө роль ойнойт. Ага Конституция боюнча маанилүү милдеттер жүктөлгөн. Мыйзам чыгаруу ишин сапаттуу жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Палата өз ишин абийирдүүлүк менен аткарып келе жатат. Сенаторлор масштабдуу реформаларды ишке ашырууга жигердүү катышты. Бул жаатта бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Жаңы депутаттар Сенаттын ишмердүүлүгүнө жаңы дем берет деп ишенем.
Мамлекет башчысы Маулен Ашимбаевдин талапкерлигин Сенаттын төрагалыгына көрсөттү. Президент бул милдетти ал мурда да абийир менен аткарып келгенин айтып, аны парламенттин жогорку палатасын жетектөөгө татыктуу деп эсептей турганын билдирди. Жашыруун добуш берүү аркылуу бардык сенаторлор Маулен Ашимбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту. Ошондой эле бүгүн жаңы шайланган сенаторлор ант беришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков