О. Бектеновго Косшы шаарын өнүктүрүүнүн башкы планы тааныштырылды

О. Бектеновго Косшы шаарын өнүктүрүүнүн башкы планы тааныштырылды

Дээрлик үч эсе - 2038-жылга чейин Косшынын калкы 150 миңге чейин өсөт. Премьер-министр Олжас Бектеновго борбор калаага жакын жайгашкан шаарды өнүктүрүүнүн башкы планы сунушталды. Анын алкагында аймакты кеңейтүү, инфраструктураны жаңылоо жана жаңы соц объекттердин курулушу каралган. Алсак, 2038-жылга чейинки мөөнөттө жалпысынан элүүгө жакын жаңы бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды жана поликлиникаларды куруу көздөлүп жатат. Ошону менен бирге жаңы откананы, электр станциясын жана электр берүү линияларын, суу түтүк жана тазалоо курулмаларын куруу мерчемделүүдө. Астанага дагы жаңы жол каралган. Ал эми өнөр жайды өнүктүрүү жана шаардын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жалпы аянты 264га индустриалдык аймактын ачылышы күтүлүүдө. Жалпысынан шаарда сейил бактарды көрктөндүрүү, оюн-зоок жана эс алуу паркын, ошондой эле стадионду, муз сарайын, театр, нике сарайын ачуу пландалууда.

Азамат Капышев, Косшы шаарынын акими:

- Жаңы башкы план аянттарды кеңейтүүнү, ошондой эле жаңы пландоо чечимдерин, аймакты функционалдык райондоштурууну, ошондой эле инженердик, транспорттук инфраструктура боюнча белгилүү чечимдерди карайт. Эгерде сандар жөнүндө айта турган болсок, бизде 900 гектардан ашык жеке турак жай куруу үчүн жаңы башкы планда көп батирлүү турак үйлөр үчүн 360 гектарга жакын каралган. Ал эми жылуулук, суу менен камсыздоо, канализация жана тазалоочу курулмалар боюнча алар азыр өз инновацияларын талап кылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков