Казакстан-Вьетнам кызматташтыгы артат

Казакстан-Вьетнам кызматташтыгы артат

Qazaq Air авиа компаниясынын аталышы VietJet Kazakhstan деп өзгөрөт. Бул тууралуу Казакстан-Вьетнам бизнес-тегерек үстөлүндө айтылды. Эске салсак, былтыр жогоруда аталган атамекендик авиакомпанияны сатып алуу боюнча вьетнамдык инвестор менен меморандумга кол коюлган. Бүгүнкү күндө келишимдин бардык шарттары аткарылды. Бул стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында жергиликтүү авиапарк жаңыланып, аба транспорту кеңейтилет.

Ермек Көшербаев, Премьер-министрдин орун басары:

- Бул өтө масштабдуу тармак, Казакстан эл аралык авиацияны өнүктүрүүгө даяр. Биз Qazaq Air компаниясын сатып алууну аяктап жаткан Sovico Group менен кызматташууга өзгөчө маани беребиз. Бул бизге учактар паркын кеңейтүүгө жана заманбап логистикалык борборлорду курууга мүмкүндүк берет.

Казакстан Борбор Азиядагы транзиттик хаб катары Вьетнам үчүн Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү көпүрөгө айланып келүүдө. Өз кезегинде өлкө үчүн бул ASEAN рыногуна жол. Ошондуктан, өз ара байланышты оптималдаштыруу жолдору керек. Анын жаңы ыкмасы биргелешкен ишканаларды түзүү. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө вьетнамдык капиталдын катышуусунда 13 ишкана иштейт.

Аблахат Кебиров, Вьетнамдык компаниянын Казакстан менен Борбор Азиядагы долбоорлор жетекчиси:

- Бул Вьетнамдагы эң ири курулуш компаниясы. Биздин планыбыз – Казакстандын жана Борбордук Азиянын рынокторуна заманбап курулуш кызматтарын киргизүү. Бул базар биз үчүн абдан кызыктуу. Ошондуктан Казакстанда өзүбүздүн өндүрүшүбүздү ишке киргизели деп жатабыз. Анын алкагында курулуш тармагындагы комплекстүү долбоорлор жүзөгө ашырылып, алдыңкы технологиялар ишке киргизилет. Кесипкөй кадрларды даярдоону да колго алабыз.

Тараптар агроөнөр жай комплексинде жана тамак-аш өнөр жайында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. IT секторунун лидери катары Вьетнам санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүдө, технология алмашууда жана жасалма интеллектти киргизүүдө стратегиялык өнөктөш болууга ниеттенүүдө. Ошондой эле Казакстанда көп максаттуу туристтик комплекс куруу боюнча келишимге кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков