К.Токаев Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы катчысын кабыл алды

К.Токаев Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы катчысын кабыл алды

Мамлекет башчысы Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы катчысы менен жолугушту. Шейх Мухаммед бен Абдулкарим Аль-Иса Астанага дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII съездине катышуу үчүн келди. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын ички жана тышкы саясатында диндер аралык жана маданият аралык ынтымакты сактоо маселелери өзгөчө орунду ээлей турганын баса белгиледи. Буга дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин 22 жылдан бери өткөрүлүп келе жатканы да далил. Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын башкы катчысы съездди жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтуу үчүн уникалдуу аянтча катары жогору баалады. Казакстандын президенти шейхти дүйнөдөгү конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого жана ислам цивилизациясын жайылтууга кошкон салымы үчүн I даражадагы "Достук" ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков