Казакстандын Президенти «Казмедиа» борборунда республикалык референдумдун алкагындагы үгүт иштерине жигердүү катышкан жаштар менен жолугушту. Жаштар бир айдын ичинде ар кандай форматта 5 миңге жакын жолугушуу өткөрүп, ага 1,5 миллиондон ашуун жаран катышкан. Касым-Жомарт Токаев аларга ыраазычылыгын билдирип, жаңы Конституция өлкөнүн келечегине, эң алды менен, жаштарга арналганына көңүл бурду. Мамлекет башчысы Баш мыйзамга ыктыярчылык кызмат, илим, инновация, жасалма интеллект сыяктуу түшүнүктөр киргизилгенине токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Чынында эле, бул күн өлкө тарыхында түбөлүккө сакталат. Эми жалган куран айынын 15 – Конституция күнү болуп белгиленет. Бул – өлкөбүздүн башкы документи. Мен башка да мамлекеттердин конституциялары менен таанышып чыктым. Биздин Конституциябыз эң мыкты Баш мыйзамдардын катарында турат деп ишенимдүү айта алам.
Андан соң президент республикалык референдумдун жүрүшүндө жүргүзүлгөн экзит-поллдун жыйынтыгы менен таанышты. Касым-Жомарт Токаев билдирүү жасады. Мамлекет башчысы жалпы улуттук референдум өтө жогорку деңгээлде, ачык жана адилеттүү өткөнүн айтты. Президенттин пикиринде, бардык мыйзам талаптары жана демократиялык нормалар катуу сакталды. Муну өлкөнүн жана чет өлкөнүн байкоочулары да айтып жатышат. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстан эли колдогон, массалык түрдө добуш берген Конституция – республиканын темир казыгы.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казак эли түп-тамырынан бери тарыхый тандоосун жасады. Элибизге чыныгы ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бүгүн журтубуз добуш берип, Казакстандын тарыхын, тагдырын аныктады. Бул чечим дүйнө жүзү тарыхында түбөлүккө сакталат. Бул маселе боюнча эч кандай күмөнүм жок. Анткени бул – атуулдарыбыздын аң-сезиминдеги чыныгы мекенчилдик белгиси. Казакстан эли жаңылануу жана жаңыруу үчүн добуш берди. Бул – биздин баарыбызга орток жетишкендик. Баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын!
Которгон: Илгиз Жамлабеков

