Казакстан менен Кытай 45 биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырууда. Алардын инвестиция көлөмү 14,5 миллиард доллардан ашат. Үстүбүздөгү жылдын 2 айында өлкөлөр ортосундагы контейнердик ташуу көлөмү болжол менен 3 эсеге өстү. Эки тараптын соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу келечегин министрлер кабинетинин башчысы Кытайдын Казакстандагы элчиси менен талкуулады. Олжас Бектенов менен Чжан Сяо эки мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусу тууралуу сөз козгошту. Анын ичинде инвестициялык, транзиттик-транспорттук кызматташтык, ошондой эле, маданий жана аймактар аралык өз ара аракеттенүү маселелери тууралуу да сөз болду. Ошону менен бирге, билим жана илим, технологиялар трансфери жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого басым жасалды. Премьер-министр Казакстан менен КЭР ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгиледи. Анын айтымында, буга өлкө аймагында иштеп жаткан 3000 биргелешкен компания далил. Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы мамлекеттердин стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү ыргагы жогору экенин ырастады.
Чжан Сяо, КЭРдин Казакстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
– Бүгүнкү күндө бардык багыт боюнча эки өлкөнүн мамилелери жакшы өнүгүп келет. Президент Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга сапарлары эки тараптуу карым-катнаштарды тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө чоң түрткү берди. Биз Казакстандын Президенти жарыялаган масштабдуу экономикалык өзгөрүүлөрдүн программасын жогору баалайбыз. 2029-жылга карата Казакстандын ИДӨсүн эки эсеге көбөйтүү боюнча бийик максатка жетүү толук мүмкүн деп эсептейбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков