Бүгүн Акордада Конго Республикасы Президентинин Казакстанга боло турган сапарына байланыштуу маселелер, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Мамлекет башчы Конго Республикасынын Президентинин стратегиялык маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча жеке өкүлү Франсуаза Жолини кабыл алды. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Франсуаза Жолинин визити Казакстан менен Конго Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө чын дилден умтулгандыгынын белгиси. Мамлекет башчы быйыл өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгын белгилей турганын кошумчалап, Конго Республикасы менен кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков