ОПЕК Казакстан 2025-жылы мунай өндүрүшүн арттырат деп болжолдоодо

ОПЕК Казакстан 2025-жылы мунай өндүрүшүн арттырат деп болжолдоодо

ОПЕК Казакстанда 2025-жылы мунай жана суюк көмүр суутек өндүрүшү артат деп болжолдоодо. Уюмдун жалган куран айындагы баяндамасына ылайык, күнүмдүк өндүрүш көрсөткүчү 120 миң баррелге өсүп, 2 миллион 100 миң баррелге чейин жетет. Быйылкы жылга келе турган болсок, өндүрүш көлөмү 1 миллион 900 миң. Серепчилердин пикиринде, өсүш биринчи кезекте Теңиз мунай кениндеги өндүрүштүн көбөйүшүнө байланыштуу болот. Жалпысынан үчтүн айында Казакстанда бир күндүк өндүрүш 1,6 миллион баррелге жетти. Ал күнүмдүк өндүрүш көлөмүнүн өткөн жылдагыга караганда 15 миң баррелге өсүүсүнүн аркасында мүмкүн болду. Уюмдун адистери Казакстан ОПЕК менен макулдашылган пландан бир топ көп мунай өндүргөнүн да жашырган жок. Деген менен, бул дүйнөлүк мунай наркын бир калыпка келтирүүгө багытталган. Эми Казакстан бугу айына чейин ашыкча өндүрүштүн ордун толтурат. Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму дүйнө жүзү боюнча кара алтынды керектөө көлөмү өсөт деп болжолдоодо. Тактап айтканда, 2025-жылы дүйнөдө суткалык мунайга болгон суроо-талап 106 миллион баррелди түзөт деп күтүлүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков