Жоокерлер баатырлардын ролдорунда тарыхый реконструкция уюштурду

Казакстандык жоокерлер казак хандарынын жана баатырларынын кийимдерин кийип, өзгөчө театрлаштырылган спектакль көрсөттү. Жамбыл облусуна караштуу «Түштүк» аймактык командачылыгынын Гвардиялык гарнизонунда кезектеги аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер Улустун Улуу күнү - Нооруз майрамын өзгөчө белгилешти. Аскер кызматчылары Керей менен Жанибек, Абылай жана Тауке хандар, ошондой эле, Карасай, Бөгенбай, Кабанбай баатырлардын ролун аткарышты. Ал эми өздөрүнүн образдарына толук кандуу кирүү үчүн алматылык театрлардын биринен чапан менен соот да алган.

Ислам Ашир, 21450 аскер бөлүмүнүн катардагы жоокери:

- Мен ушундай чоң концертте Тауке хандын ролун аткарып жатам. Ал эми Шамишев деген досум Керей хандын ролун ойноп жатат. Мунун аркасында тарыхыбызды билип калдым.

Максат Бактурсынов, 12740 аскер бөлүмүнүн катардагы жоокери:

- Биз күнүмдүк кийип жүргөн формаларыбызды эмес, ата-бабаларыбыз кийген кийимдерди кийип көрүү чындыгында сонун. Бул өзгөчө таасир калтырды. Алардын өзүн кандай алып жүргөнү кызык. Күзгүгө карап өзүмдү башка адамдай сездим.

Белгилей кетсек, театрлаштырылган спектаклге Ноорузнаама он күндүгүнүн  бардык 10 күнүндөгү иш-чаралар киргизилди. Аскер кызматын өтөөчүлөр   казак элинин түрдүү каада-салттарын, үрп-адаттарын көрсөтүп, улуттук кийимдерин да көрсөттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков