Парламент Мажилисинде
сессия башталгандан бери 62 мыйзам кабыл алынып, Сенатка жөнөтүлдү. Алардын
ичинен Президент 55 мыйзамга кол койду. Кабыл алынган документтердин арасында-суу
кодекси, каржы рыногун өнүктүрүү, саламаттык сактоо боюнча маанилүү мыйзамдар бар. Касым-Жомарт Токаевге
Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү
күндө депутаттардын кароосуна 76 мыйзам долбоору келип түштү. Илимий-изилдөө
аймактарын өнүктүрүүгө, Жазык-жараяндык мыйзамдарды жана жасалма интеллектти
өркүндөтүүгө тиешелүү салык, курулуш кодекстери, мыйзамдар боюнча иштер
жүргүзүлүүдө. Ерлан Кошанов ошондой эле парламенттик дипломатиянын алкагында
аткарылган иштердин жыйынтыктарына да токтолду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

