Казакстанда ТЭТБ менен жүк ташуу көлөмү өсүүдө

Жыл башынан бери Транскаспий эл аралык транспорттук багыты боюнча жүк ташуунун көлөмү 63%дан  эки жарым миллион тоннага чейин өстү. Бул чек эмес. Казакстандын Актау жана Курык портторунда транзиттин өсүшү үчүн инфраструктураны модернизациялоо башталды. Жалпысынан, орто коридорду өнүктүрүүгө БАЭ, Франция, Германия жана башка өлкөлөрдүн компаниялары инвестиция салууга ниеттенүүдө. Коридор аркылуу жыл аягына чейин 4 миллион тоннадан ашык жүк, ал эми Актау жана Курык порттору аркылуу 2 эсе көп жүк өтөрү күтүлүүдө.

Касым Тлепов, Казакстандын  Транспорт министрлигинин комитетинин төрагасынын орун басары:

– Учурда инфраструктураны өнүктүрүү жана түзүү боюнча толук кандуу иш активдүү жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, бизде бир катар европалык компаниялар соода флотун өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришүүдө.  Бул жерге өз кемелерин ташуу үчүн алып келүүгө даяр. Бүгүн нидерланддык компания менен Казакстанда өздүк паромдорду, контейнердик кемелерди долбоорлоо жана куруу боюнча маселени иштеп чыгабыз. Бул багытта да белгилүү иштер жүргүзүлүүдө.

Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү үчүн портторду модернизациялоодон жана кеме паркын жаңыртуудан тышкары, темир жол инфраструктурасын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 400 чакырымдан ашык экинчи жолду куруу жана 5 станцияны реконструкциялоо пландаштырылууда. Бул иш-чаралардын бардыгы 2030-жылга чейин магистралдык темир жол тармагын модернизациялоо боюнча бекитилген планга киргизилген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков