Астанада
«Kazakhstan Machinery Fair 2026» эл аралык көргөзмөсү ачылды. Ага унаа жасоо жана металл иштетүү тармагындагы 250дөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик компания катышты. Бул жердеги максат тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана чет элдик өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү. Белгилей кетсек, былтыр жергиликтүү унаа чогултуу көлөмү 18% өскөн.
Ерсайын Нагаспаев — өнөр жай жана курулуш министри:
– Өлкөдө ишканаларды чийки зат, каржылоо
жана кадрлар менен камсыз кылуу, даяр өнүмдү өткөрүүгө колдоо боюнча чараларды
камтыган. 2028-жылга чейинки унаа куруу тармагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планы ишке ашырылууда. Парламент депутаттары менен биргеликте тармакты системалаштырууга багытталган мыйзамдык демилгелер иштелип чыгууда.
Жергиликтүү тетиктерди өндүрүү кеңейип
жатат. Мисалы, жылына 127 миң унаа кураштырууга кудуреттүү казакстандык ишкана толугу менен жергиликтүү дөңгөлөктөргө жана аккумуляторлорго өткөн. Алдыда унаа отургучтарын, бамперлерин жана газ чыгаруу системасын жасоо колго алынмакчы.
Людмила Вольтер — Казакстан автотранспорт компаниясынын өкүлү:
– Биз өзүбүзгө керектүү өндүрүүчүлөр менен
ойлоп табуучуларды таптык. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен
иштешкенибизге кубанычтабыз. Биз алардын өнүгүүсүнө жол ачабыз. Бул көргөзмөлөр
көп нерседен кабар берет. Чет өлкөдөн келген инвесторлор биздин жумуш
сапатыбызды баалап, кантип өнүгүп жатканыбызды көрүшөт. Алар бизге келип, биз
менен бирге кызматташат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

